16:24
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Атамбаевдин тарапташтары канча киреше тапты. Декларациялык кампаниянын жыйынтыгы

Салык кызматы 2018-жыл үчүн декларациялык кампанияны аягына чыгарып, анын жыйынтыгын жарыялай баштады.

Отчетко ылайык, депутат Асел Кодуранова былтыр 945 миң 363 сом иштеп тапкан. Андан башка кирешелери жок. Ошондой эле депутаттын өзүнүн жана туугандарынын батири, үйү, сарайы, гаражы дагы жок. Кодуранова жана анын жакындары депутат болгонго чейин кайда жашаганы түшүнүксүз.

Депутат Ирина Карамушкинанын 146,5 чарчы метрлик батири жана «Тойота» үлгүсүндөгү унаасы бар. Анын жылдык кирешеси 851 миң 600 сомду түздү. Депутаттын туугандары декларацияга ылайык, жумушсуз жана үйлөрү жок. Аларда жеке киреше да, кыймылсыз мүлк да жок. 

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби