12:52
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Алмазбек Атамбаев жана 2 депутат психиатриялык экспертизалардан өтүшөт

ИИМдин Тергөө кызматы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында барымтага алуу жана массалык баш аламандык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иликтөөдө 16 адам шектүү катары жүрүп, алар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалган.

12-ноябрда оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу, Жазык-процесттик кодексинин 171-беренесинин (Экспертизаны дайындоонун негиздери) негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Алмазбек Атамбаевге дагы соттук-психиатриялык экспертизаларды дайындоо жөнүндө токтом чыгарылды.

Ошондой эле мурунку президенттин тарапташтары Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкина соттук-психиатриялык экспертизалардан өтүүгө чакыруу алышты. Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина соцтармактагы баракчасына жазды. «Биз баарыбыз ким чыныгы ууру экенин тастыктап жатабыз, ал эми тергөө жөн гана шылдыңдап жатат», — деп жазган ал.

Буга чейин депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын үй камактагы мөөнөтү дагы узартылган.

Ирина Карамушкина 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кишилерди барымтага алганга катыштыгы бар делип шектелүүдө. Соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар