04:33
USD 79.04
EUR 93.73
RUB 1.05

Атамбаевдин иши. Эки депутат үй камагында калтырылды

Алмазбек Атамбаевдин мурунку тарапташы Алга Кылычев кийинки жылдын 9-февралына чейин үй камагында калтырылды. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алды.

Токтомго ылайык, ал саат 22:00дөн 06:00гө чейин үйүндө болушу шарт.

Ошондой эле депутаттар Асел Кодуранова менен Ирина Карамушкинанын үй камактагы мөөнөтү дагы узартылды. 

Ирина Карамушкина 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кишилерди барымтага алганга катыштыгы бар делип шектелүүдө. Соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар