21:03
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бишкекте өспүрүм көп кабаттуу үйдөн боюн таштап каза болду

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдөн боюн таштап каза болду. Маалыматты 24.kg агенттигине ШИИББ тастыктады.

Маалыматка караганда, өспүрүм достору менен супермаркетке барып, шоколад уурдап алышкан. Дүкөндүн күзөт кызматкерлери аларды кармап алып, ата-энелери тууралуу маалыматын алып кое беришкен.

«Кырсык «Чыгыш-5» кичирайонунда болду. 2 бала үйлөрүнө келишкен, ал эми үчүнчү бала үйүнө барган эмес. Ал кошуна үйгө барып 8-кабаттан бой таштаган», -деп айтылат маалыматта.

Тез жардам борборунан билдиришкендей, бала дарыгерлер келгенге чейин эле каза болуп калган.

Эң көп окулган жаңылыктар