12:18
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Бишкекте эркек киши турак үйдүн 12-кабатынан кулап кетип көз жумду

Бишкекте эркек киши турак үйдүн 12-кабатынан кулап кетип көз жумду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине ШИИББдан билдиришти.

Окуя кечээ Логвиненко көчөсүндө болгон.

Маалыматка караганда, кырсык болгон жерге тергөө тобу барган. Каза болгон жаран кыргызстандык экени айтылууда. Ошондой эле анын Улуу Британиянын жарандыгын тастыктаган паспорту да болгон.

Текшерүү жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар