02:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Терезеден баласы менен боюн таштаган аял 11 жылга эркинен ажыратылды

Ош облустук соту жатакананын терезесинен баласы менен боюн таштаган аялды 11 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аялга «Адам өмүрүнө кол салуу» беренеси боюнча айып тагылды.

«Буга чейин Ош шаардык соту Ч.А.ны 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Буга макул болбогон айыпталуучу апелляциялык арыз менен жогору инстанцияга кайрылган. Кылмыш болгон маалда аял мас абалда болчу», — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 2018-жылдын сентябрында Ошто 40 жаштагы аял ымыркай баласы менен 4-кабаттын терезесинен секирип кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар