05:45
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Бишкектеги Чолпонбай Түлөбердиев атындагы эс алуу паркында чоң дарак кулап калды

Борбор калаадагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы эс алуу паркында чоң дарак кулап калды. Бул тууралуу Владимир Цай өзүнүн Facebook баракчасына маалымдаган.

Анын айтымында, эс алуучу парк Чоң-Чүй каналынан агып келген суу менен суугарылгандыгына байланыштуу бак-дарактар омкорулуп жатат.

«Жер астындагы суу жогору болгондуктан, бак-дарактардын тамыры туруштук бере албайт», — деп жазат Владимир Цай.

Эске сала кетсек, буга чейин шаар тургундары Чолпонбай Түлөбердиев атындагы жаңы курулган парктын арыктары урай баштаганын айтышып, парктын сапатсыз курулганын, ошондуктан жоопкерчилигин алгандарга айып салынып, арыктарды кайра оңдоо керектигин жазып чыгышкан. Парк 9-майда ачылган. Ал эми борбордун түндүгүндө курулган бул жашыл аянчага шаардын бюджетинен 48 миллион сомго жакын акча сарпталган.

24.kg агенттигине маалымат жөнөтүү үчүн WhatsApp жана Telegramдан 0555312024 номурун териңиз.

Эң көп окулган жаңылыктар