04:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте 20 жаштагы кыз 8-кабаттан кулап жан берди

Бишкекте 20 жаштагы кыз 8-кабаттан кулап жан берди. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-декабрда болжол менен саат 5 жарымда «102» кызматына Ахунбаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен 20-25 жаштардагы кыз кулап кеткени кабарланган.

«Ленин РИИБнын тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 1999-жылы туулган Р.Н.ны табышкан. Тез жардам унаасы кызды Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып барган, бирок жабырлануучу өзүнө келбей каза болду», — деп айтылат маалыматта.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар