05:46
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен кишинин абалы туруктуу

Баш калаада көп кабаттуу үйдөн кулап кеткен кишинин абалы туруктуу. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков билдирди.

Анын айтымында, жабырлануучу палатага которулду. 

«Рентген жабырлануучунун сыныктары жок деп көрсөттү. Болгону анын мээси жабыркаган. Жалпы абалы туруктуу", - деди башкы дарыгер. 

Эске салсак, Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн тургуну дүкөндүн чатырына кулап түшкөн.

Эң көп окулган жаңылыктар