15:42
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бишкек, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өнөктүгү качан болоору айтылды

Бишкек жана Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өнөктүгү качан боло турганын Боршайком 24.kg агенттигине айтып берди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык кеңешинде шайлоо кампаниясы 2021-жылдын апрелинде, ал эми Ошто 2020-жылдын жазында өтөт.

Эске салсак, Бишкек шаардык кеңештин мүчөлөрү 2016-жылдын 11-декабрында шайланышкан.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын иштөө мөөнөтү 2020-жылдын акырында аяктайт, мындан улам шайлоо 2021-жылдын апрелинин биринчи жекшембисинде өтөт.

Ош шаардык кеңешинин депутаттары 2016-жылдын мартынын акырында шайланышкан, бул чакырылыштын мөөнөтү февралдын акырында аяктайт.

Эң көп окулган жаңылыктар