04:11
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Футболдук беттеш. Бишкектин айрым борбордук көчөлөрү жабылат

Бишкектин айрым борбордук көчөлөрү Кыргызстан менен Мьянманын футбол боюнча курама командаларынын боло турган беттешинен улам жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечки саат 6дан баштап Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Фрунзе көчөсүнүн Исанов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

Кошумчалай кетсек, 2022-жылкы дүйнө чемпионаты жана 2023-жылкы Азия кубогунун тандоо турунун алкагындагы оюн бүгүн саат 20.30да Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтмөкчү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума