10:39
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Новосибирсктеги массалык мушташ. 2 жаран ооруканага жаткырылды

Орусиянын Новосибирск шаарында кыргызстандык жарандардын катышуусунда массалык мушташ боюнча «Бейбаштык» жана «Пара талап кылуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстан ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя болгон жерде тергөө аракеттери жүргүзүлүп, видеокамерага түшүп калган учурлар каралды. Экспертиза дайындалды.

Аймактык органда 25 киши алынып келинген, аларды сурактан кийин кое беришти. 5 жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлүп, 2 жаран ооруканага жаткырылды.

Эске салсак, Орусиянын Новосибирск шаарында кыргызстандык жарандардын катышуусунда массалык мушташ катталды. Кыргызстандын жараны Орусиянын жарандыгын алгандан кийин өзүнүн мекендештеринен акча талап кылып жүргөн. Жабырлануучулар мурунку жердешинен өч алууну чечишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар