10:05
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр ноябрдын аягында берилип баштайт

Улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктүн жаңы бланкалары, ошондой эле транспорт каражаттары тууралуу документ өлкө жарандарына жеткиликтүү болот. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы үлгүдөгү бланкаларды киргизүү боюнча өткөн кеңешмеде билдирди.

Эске салсак, мамлекеттик маанидеги документтерди жана атайын мамлекеттик бланкаларды — жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жарыяланган тендердин жыйынтыгы боюнча «Госзнак» ЖЧКсы жеңүүчүлөрдүн бири болгон.

«Мамлекеттик документтер чет өлкөдө эмес, өлкө ичинде даярдалышы керек. Жергиликтүү компания утуп алганы кубандырат. Бул мамлекеттик бюджетке салыктан түшүүчү төлөмдүн көбөйүп жатканын билдирет. Эң маанилүүсү, документ жарандар үчүн жеткиликтүү болуп калды, анан да жаңы айдоочулук күбөлүк бир топ арзандады», — деди премьер-министр.

Мухаммедкалый Абылгазиев айдоочулук күбөлүктүн бланкаларынын баасы 90 пайызга чейин кыскарганын белгиледи. Бул өз кезегинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын төмөндөшүнө алып келет.

«Бул жакшы мүмкүнчүлүк документтерди даярдоо ишин ата мекендик компания жүргүзүп жаткандыгынан улам түзүлүүдө. Эми баасы валюталар курсуна көз каранды болбойт. Ошондой эле мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнүн алкагында өлкө жарандары үчүн да, тиешелүү мамлекеттик органдар үчүн да айдоочулук күбөлүктү алуудагы керектүү документтердин саны кыскарат», — деп белгиледи ал.

«Жаңы үлгүлөр айдоочулардын өздүгүн идентификациялоонун эл аралык талаптарына дал келет. Ал Кыргызстандын аймагында гана эмес, анын чегинен тышкары дагы зор ишенимге ээ болот. Жаңы үлгүлөрдө 20дан ашуун коргоочу элемент бар. Бул аларды эч ким жасай албай турганын айтып турат. Атайын сканерлерде жасалма экендигин же жоктугун көрүүгө болот», — деди премьер-министр.

Жаңы улуттук жана эл аралык үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр 2019-жылдын ноябрь айынын аягында берилип баштайт.

Белгилей кетсек, транспорт каражаттарын каттоо боюнча жаңы үлгүдөгү күбөлүктөр 2019-жылдын 26-июлунда бериле баштаган. Ата мекендик компания — «Госзнак» ЖЧКсы менен келишим түзүлгөндүгүнө байланыштуу, бланканы сатып алуу чыгымы азайды. Эгерде буга чейин жөнөтүүчү менен түзүлгөн келишимге боюнча бланка 770 сом (10 евро) деп бааланып келсе, бүгүнкү күндө ал 192 сомду түзүүдө.