06:11
USD 84.78
EUR 101.57
RUB 1.10

Фейктин бийлиги, же калптын казаны кайнап калганда

«Кырнет тармагын фейктер басып алды». «Биз фейктердин өлкөсүнө айландык» деген билдирүүлөр айтылып, алгач Маданият, маалымат жана туризм министрлиги ага каршы күрөшүү зарылдыгын белгилесе, эми Жогорку Кеңеш атайын мыйзам менен чектөөгө алмакчы. Мындай мыйзам долбоордун зарылдыгын депутат Бакыт Төрөбаев демилгелөөдө. 

24.kgагенттиги фейк деген эмне жана андай маалыматтарды кантип айырмалоо керектигине токтолду.

Фейк, тролль, бот

Фейк — англис тилинде жалган, атайын жасалган дегенди түшүндүрөт.

Фейк жаңылыктар — калп, атайын бурмаланган жаңылыктар.

Бот — бул робот сөзүнөн кыскартылып айтылат. Адатта боттор — социалдык тармактагы фейк аккаунттарды башкаруучу программа. Адистердин айтымында, атайын аныктоо өткөн расмий баракчалар дагы боттор тарабынан көзөмөлдөнүшү мүмкүн. Сиз тирүү адам эмес, бот менен маектешип жатканыңызды аныктоо үчүн өтө кылдат байкоо жүргүзүп гана биле аласыз.

Тролль — бул швед тилинен которгондо арбоо, сыйкырдоо дегенди түшүндүрүп, адамдарга каршы чыккан түрү суук мифологиялык каарманды сүрөттөйт. Ал эми интернеттеги trolling социалдык провокациянын түрү катары сыпатталат. Троллойдордун көбүнчө өздүгү аныкталбайт.

Калп маалыматтар

«Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Андрей Малаховду сынга алыптыр». «Кочкордо эки баштуу козу туулуптур». «Аялдын турпатындай мөмө пайда болду». «Бала уурдагандар кармалды». Мындай өңдүү калп маалыматтар байма-бай социалдык тармактарга андан ары жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып келет. Калпты чынга айланткан билдирүүлөр коомчулуктун үрөйүн учуруп дүрбөлөңгө салган учурлары дагы жок эмес.

Мамлекеттик органдар мындай маалыматтарды аныктап, жокко чыгарышат. Мисалы, 2018-жылы Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлиги 1991-2018-жыл аралыгында иштегендердин баарына 70 миң сомдон төлөп жаткандыгы боюнча маалыматтар таркаган. Айрыкча WhatsApp аркылуу кенен жайылган. Министрлик маалыматты төгүндөгөн.

2019-жылдын март айында Москва шаарында кыргыз кызды башка улуттун балдары тобу менен зордуктаганы тууралуу видео таркаган. Анда кыргыз жигит мекендештерине кайрылуу жасайт. Кийинчерек аты аталган кыз жана жигит табылып, видео кайрылуу жазган бала «өрдөктөрдү» учурганын мойнуна алган.

Андан кийин Түркияда зордукталган кыз боюнча видео жайылган. Текшерүүдө анын 5 жыл мурда, божомолдуу түрдө Японияда тартылганы аныкталган.

Августь айында Бишкектеги маньяктын үйү деп видео таркатылган. Бишкек шаардык башкармалыгы аталган видео квест-оюн өткөрүлүүчү жер тартылганын билдирди.

Акыркы жылда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстанды каттаган анаконда, уулу жыландар боюнча маалыматтарды төгүндөдү. Таркатылган фото-видеолордун Кыргызстанга тиешеси жок болуп чыкты.

Айрым мындай маалыматтарды factcheck жүргүзгөн атайын сайттардан тактоого болот. 

Чын-төгүнун кантип тактоо керек?

Интернеттеги маалыматтын чын-төгүнүн тактоо жөнөкөй жаран үчүн кыйынчылык жаратылышы мүмкүн. Анүстүнө дайым эле расмий маалыматтарды карап, акыркы жаңылыктар менен таанышып турууга чоло тийбет. Анткен менен кайсы бир маалымат күмөн жаратса, дароо эле айгай салбай, сүрөттү, видеону google аркылуу издеп, карап чыгып, ал боюнча баштапкы маалыматтарды тапса болот. Маалыматтарды ишенимдүү булактардан текшерүү керек.

Ал эми социалдык тармактагы баракчалардын дагы чын-төгүнүн текшерүү зарыл. Мисалы, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун Андрей Малаховдун кыргызстандыктардан кечирим суроосу боюнча сунушу министрлин расмий эмес баракчасында жазылган.

Белгилүү инсандардын атынан бир нече баракчалар ачылып, айрымдары анын аброюн түшүрүү аракетинде иш алып барат.Айтмакчы, мындай аккаунттар аткаминер, саясатчылар да эле эмес, шоу-бизнес жылдыздарында дагы көп. Ал эми расмий баракчалар верификациядан өтүп, көк белги менен белгиленет.

Фейк-аккаунттар атайын PR, же кандайдыр бир чабуулдарга каршы туруу үчүн дагы ачылат. Андыктан, билдирүүлөрдү жазып, талашка түшкөн инсандардын өздүгүнө дагы көңүл бөлө жүрүңүз.

Фейк аккаунттарды аныктоо боюнча кеңеш:

1- Аты-жөнүнө, сүрөтүнө көңүл бөлүңүз. Кээде аты-жөнү кыргызча, сүрөтү башка улуттун өкүлүнө таандык болушу мүмкүн.

2- Профилинде анчалык активдүүлүк байкалбайт. Көбүнчө башка видео-фотолор менен бөлүшүү менен чектелет. Андан сырткары, ага лайк баскандар дагы аз.

3- Белгилүү бир темадагы гана постторго реакция кылып, жооп берип турат.

4- Алар жеке кайрылууларга эч качан жооп бербейт.

Эң көп окулган жаңылыктар