04:53
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектеги «Алькони» ишканасынан чыккан өрт өчүрүлдү

Бишкектеги «Алькони» ишканасынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
Октябрь районуна караштуу Исакеев көчөсүндө жайгашкан заводдо өрт бүгүн таңга маал чыккан.
 
ӨКМдин маалыматында, имараттын 3500 м2 аянты күйгөн.
 
«Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Ага карабастан өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнер сакталып калды», — министрлик. 
Эң көп окулган жаңылыктар