15:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

АКШ бир нече кыргыз компаниясына санкция салды

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды.

20-июлда жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандагы RM Design and Development, «ГТМЕ Технологии», «Прогресс лидер» жана «Карголайн» компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар («Базис Трейд Прософт», «Радиотехснаб», «Регион-проф», «Технологии, системы и комплексы», «СиАйСи») АКШнын кара тизмесине киргизилди.

«Кыргызстанда жайгашкан ишканалар Орусия Украинадагы толук масштабдуу баскынчылыгын баштагандан бери санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Орусияга утур-утур жөнөткөн экспорттоочуларга айланган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Орусиянын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдыган», — деп айтылат Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинин расмий билдирүүсүндө.

Эң көп окулган жаңылыктар