20:26
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Орусиянын эки шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылат

Орусиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктарын ачуу тууралуу буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалыматтык саясат бөлүмү 8-майда кабарлады. 

Маалыматка ылайык, бул эки шаардагы башкы консулдуктар Кыргызстандын жарандары Орусияда мыйзамдуу жана ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында ачылууда.

Кыргызстандын 1 млн ашуун жараны Орусияда эмгек миграциясына экени айтылып келет.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен тышкары Москва, Екатеринбург шаарларында башкы консулдуктары бар. Новосибирск шаарында вице-консулдук иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар