05:02
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Каада-салт, нарк, тышкы душман. Бийлик эмнени жайылтуу аракетинде

Гей-активист vs улуттук нарк-насил

Бул түшүнүктү пропагандачылар коомго активдүү жайылтып келет. Мамлекеттик катчы баш болуп, депутаттар төш болуп, салттуу балуулуктар боюнча кеп куруп, каада-салт, үй-бүлө институту коркунучта экенин айтып, айгай салып калышат.

Бул коркунучка эски аянтта чындап ишенишет. Конституциянын 2016-жылкы редакциясында үй-бүлө бул эркек менен аялдын ортосундагы байланыш экендиги баса белгиленип, 2021-жылкы өзгөртүүдө ага бир жыныстуу никеге тыюу салуу кошулду.

2015-жылы Жогорку Кеңеш гей-пропаганда үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган мыйзам долбоорду эки окууда кабыл алды. 2016-жылы алтынчы чакырылыш бул документке кайра келиши керек эле, бирок талкуу болбой, демилге орто жолдо токтоду.

Президенттик администрация тарабынан даярдалган жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө мыйзам долбоордун бешинчи вариантында салттуу эмес жыныстык карым-катнаш боюнча пункт пайда болду.

Кыргызстанда ЛГБТны сындагандар аны үй-бүлөлүк балуулуктарга каршы коюп келишет. Ошол эле учурда бийлик үй-бүлөлүк зомбулукка жазаны жеңилдетүү менен алек.

Үй-бүлөлүк зомбулукка карата жаза Кылмыш кодексинин 2021-жылкы редакциясында бар, бирок өзүнчө кылмыш катары каралган эмес. Эркинен ажыратуу башка кылмыш категориялары аркылуу (адам өлтүрүү жана оор залака тийгизген учурда) гана ишке ашат.

Баарына бейөкмөт уюмдар күнөөлүү

2022-жылдын ноябрь айында «Коммерциялык эмес уюмдар» жөнүндө эки мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Эксперттер алардын Конституцияга каршы келип, жектөөгө жол берилгенин айтышты. Биринчи долбоорду президенттик администрациянын кызматкери иштеп чыкса, экинчинин автору — «Ата Журт Кыргызстан» партиясынын саясый кеңешинин мүчөсү Надира Нарматова.

Юристтердин айтымында, долбоордо эң коркунучтуу берене — «чет элдик агент» түшүнүгүн киргизүү. Демилгечилер 1930-жылы кабыл алынган чет элдик агенттерди каттоо боюнча америкалык мыйзамга таянышат (Foreign Agents Registration Act (FARA). — Прим.24.kg).

Учурда АКШнын тизмесинде 510 чет элдик агент бар. Анын жүзү акыркы жылда киргизилди. Орусияда «чет элдик агент» боюнча мыйзам 2012-жылы кабыл алынды. Анда дагы бийлик FARA мыйзамына таянган.

Орусиялык мыйзам бир нече жолу катаалданды: «чет элдик агент» макамы ЖМК жана жеке адамдарга ыйгарылып, аны ыйгарууга себептер кеңейтилди. Жыйынтыгында соцтармактагы ар бир пост үчүн «чет элдик агент» болуп калуу толук ыктымал.

Душман табылды

Пропаганданын дагы бир белгилүү ыкмасы — сырткы душманды издөө. Мисалы, Орусияда жарандарды НАТО жана Батыш менен коркутушат. Январда айында Мамлекеттик думанын башчысы Вячеслав Володин Вашингтон менен НАТО Украинаны «өзүнүн куралын сыноочу жана согуштун жаңы түрлөрүн колдонуучу полигон» катары колдонуп жатканын айтты.

НАТОнун аскер комитетинин башчысы Роб Бауэр, альянс Орусия менен кагылышууга даяр экенин жарыялады. Орус журналисттери дароо ага жооп иретинде, НАТОнун аскерлери Украина тарапта согушуп жатканын айтып чыгышты.

Кыргызстандын бийлиги азырынча тышкы душмандын бейнесин түзө элек. Азырынча кас катары эркин медиа менен бейөкмөт уюмдарды көрсөтүүдө. Мындан улам расмий көз-караштан айырмаланган көз-карашка жана сынга куугунтуктоо бар.

Бирок бул пропаганда качан гана бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарын толук колго алганда иштеп баштайт. Бул жааттагы мыйзам долбоордун бешинчи вариантын карап чыгып, бийлик чындап өзүнө жакпаган маалымат булактарын жок кылуу аракетин көрүп жатканын түшүнүүгө болот.

Сыпаттоо:

Америкалык саясат тануучу Гарольд Ласуэлл пропаганданы «Символдорду манипуляциялоо менен жамаатты башкаруу» катары аныктаган.

Философ Ханна Арендттин айтымында, пропаганда — адамдарга «керектүү» ойду жеткирүү менен, аларды бирдей ой-жүгүртүүгө үйрөтүү.

Башка маалымат ресурстарынан айырмаланып, пропаганда атайын методика менен иш алып барат. Кыргызстанда колдонулган пропаганданын ыкмалары популярдуу болуп бара жатат.

24.kg ыкмаларга көңүл бурууну сунуштайт.

Эң көп окулган жаңылыктар