19:08
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Орус-грузин чек арасынан эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды

Орус-грузин чек арасынан эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралу «Эфкате» басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны «Адлер» бажы постунан Абхазияга өтүп кетүүгө аракет кылганда кармалган. Текшерүү маалында кармалган жаран Кыргызстанда жасаган кылмышы үчүн бир айдан бери издөөдө жүргөнү аныкталды. Ага «аткезчилик» айыбы тагылган.

«Тергөө жүрүп жатканда шектүү жаран өз өлкөсүнөн качып кеткен. Бир канча убакыт өткөндөн кийин ал Орус-грузин чек арасынан колго түштү», -деп жазат басылма.

Эң көп окулган жаңылыктар