10:23
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Орусияда дайынсыз жоголгон кыргызстандыктын абакта жатканы маалым болду

Орусияда туугандары менен байланышы үзүлүп, дайынсыз жоголгон Кыргызстандын тургунунун кайда жүргөндүгү аныкталды. Ал мыйзам бузган иш-аракеттери үчүн абакта жатат. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Буга чейин дайынсыз жоголгон кыздын ата-энеси Бишкектен ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. 1962-жылы туулган М.Г. Баткен облусунун тургуну, дайынсыз жоголгон кызы 1998-жылы туулган О.Р. табууга көмөк көрсөтүүнү суранган. Маалымдагандай, кызы 2018-жылы сентябрда Москвага иштегени кетип, январь айынан баштап белгисиз себептерден туугандары менен байланышты үзгөн.

«Издөөдө жүргөн кыз ушул жылдын жай мезгилинде кылмыш жасоого шектелип укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Учурда аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Ал «алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдө баңги каражаттарын, акыл-эске таасир этүүчү каражаттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз өндүрүү, сатуу же жөнөтүү, андан сырткары курамында баңгизаты же акыл-эске таасир этүүчү каражаттар бар өсүмдүктөрдү мыйзамсыз сатуу же жөнөтүү беренеси боюнча айыпталууда», -деп жазылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар