00:48
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Чек ара жаңжалы. Жарадар болгон аскер кызматкери комадан чыкты

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жарадар болгон чек арачы комадан чыкты. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

«Аскер кызматкери эсине келди, ал өз алдынча тамактана баштады. Абалы орто оордукта. Улуттук госпиталда дагы 2 чек арачы дарыланууда, алардын абалы канааттандыраарлык», -деп билдиришти министрликтен.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткан 5 чек арачы Аскердик госпиталга которулган. «Аталган борбордо бир жабырлануучу дарыланууда. Калгандары үйлөрүнө чыгарылды», -деп айтылат маалыматта.

16-ноябрда Максат айылында ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алышкан. Алардын арасында өспүрүм дагы бар. Тажикстандын бийлиги 12 тажик жараны жабыркап, 3 киши каза болгонун айтышууда. 17-сентябрда Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразычылык нота билдирген.

Эң көп окулган жаңылыктар