13:42
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Чек ара жаңжалы. Окуядан жабыркаган 8 жаранга операция жасалды

Бишкектеги Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан жабыркаган 8 жаранга операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, денеден чоочун затты алып салуу боюнча операция ийгиликтүү аяктады. Баардык бейтаптардын абалы туруктуу.

Аталган борбордо 10 жабырлануучу дарыланууда.

Мындан тышкары Лейлек аймактык ооруканасында 3 жарадар чек арачы жатат. Алардын абалы туруктуу оор деп бааланууда.

16-ноябрда Максат айылында ок атышуу болгон. Анда кыргыз тараптан 1 аскер кызматкери каза таап, 13 киши жаракат алышкан. Алардын арасында өспүрүм дагы бар. Тажикстандын бийлиги 12 тажик жараны жабыркап, 3 киши каза болгонун айтышууда. 17-сентябрда Кыргызстандын ТИМи Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине нааразычылык нота билдирген.

 
Эң көп окулган жаңылыктар