Кичинесинен ырчылыкты хобби катары кабыл алып, бирок акыркы 2 жылдан бери негизги кесибине айландырган ырчы айым 24.kg агенттигине чыгармачылыгындагы жаңылыктары менен бөлүштү.
— Ата-энеңиз кыргыз тилчи мугалим экенин социалдык тармактагы баракчаңызга жазыпсыз. Сиз алардын жолун жолдогон жоксузбу?
— Атам менен апам -кыргыз тили жана адабият мугалими. Кичинебизден эле адабияттын алптары жана каармандары менен аралашып өскөндөй болдук.
Кыргыз тилибиздин азыркы абалына ичим ачышат, кордоп жаткандайбыз.
Тилибизге өтө аяр мамиле кылышыбыз керек деп эсептейм. Анткени тилибиз менен улутпуз.
— Ата-энеңиз сиздин ырчы болуу чечимиңизди колдодубу?
— Ата-энем негизи балдарынын ар бир кадамын колдогон адамдар. Кесип тандоодо, турмушка чыгаарда же үйлөнөөрдө өздөрүнүн ойлорун таңуулабайт. Биздин тандообузду ар дайым колдоп келишет. Мен да биринчи эле атамдан, апамдан, бир туугандарымдан кеңеш сурап, алар кош колдоп колдойбуз дегенинен улам шоу-бизнеске аттанганмын.
Ырчылык кичинемден хоббим болчу. Ал эми кесип катары кабыл алып , ишке ашыра баштаганыма 2 жыл эле болду. Негизги кесибим -журналист. Ырчылыкты токтотпой эле эки кесипти бирдей аркаласам деген ниетим бар.
— Той-топурларда көп жүрөсүз, кайсыл ырыңызга суроо-талап күч?
— Учурда элибизде тойлор көп болуп, чакыруулар арбын болуп турган кез. Башта бир гана «Кайда?» үчүн чакырышчу. Азыр анын катарын «Сүйүнчү» жар-жар ырым толуктап жатат. Чакыргандар «элдин баары салт болуп калган бир жар-жарды айтышат, сеники өзгөчө, шаңдуу жана жаңыча экен, келип эки жашты алып кирип берсең» дешет. Анан «Ламбада» ырын да көп суранып калышат.
Буюрса, жакынкы күндөрү эки жаңы чыгарма тартуулайын деп даярданып жатам. Бири «Бийле, бийле» деп аталат. Андан сырткары ырчы Данияр Эрматов менен да дуэт жаздырып жатабыз, чыгарма дээрлик даяр болуп калды. Дароо эле клип тартып, анан элге жарыялайлы деп жатабыз.
— Кээ бир ырчылар бир-эки ыры менен таанылып, 1-2 жылдан кийин эле дайыны чыкпай калат. Сахнада атын өчүрбөй көпкө кармалып туруш үчүн эмне кылуу керек?
— Анын себебин мен өзүм ырчылыкка киришкенден кийин түшүндүм. Бизде, ырчылык кесипте той-жакшылыктардын жардамы менен кеткен чыгымдар акталат. Эгер чакыруулар болбосо, чыгармачылыкка каражат жумшап өнүктүрүү кыйынга турат. Ал үчүн кошумча каржы булак же жеке бизнесиң болуш керек. Ошондон улам, көңүл калып же шарт туура келбей таштап коюшат окшойт деп ойлоп калдым.
Көпкө кармалып туруш үчүн, тынбай эле аракет жасай берүү зарыл. Анан болушунча санга эмес сапатка басым жасап, оригиналдуу продукт тартуулап туруш керек экенин аңдадым.
— Устатыңыз барбы? Кимдерден тажрыйба алып, кеп-кеңештерин угуп жүрөсүз?
— Чыгармачылыктагы өзүм сыйлап, урматтаган улуу муундагы эжекелеримден кеп-кеңеш угуп турам. Алтынай Нарбаева, Кенже Дүйшеева, Гүлзада Рыскулова эжелерим алдыга сүрөгөн, чыгармачылыктын оош-кыйыштарын айтып, дем берип турушат. Кичинемден бери Гүлнур Сатылганованы сүйүктүү ырчым деп тандап алгам, ырларын угуп, жаттап, ырдай бергенден тажабайм.
— «Дыкын-дыш», «Келин келгенский» деген сыяктуу мазмуну жок ырлар көбөйдү. Чыгарманы тандап жатканда маанисине көңүл бөлөсүзбү?
- Ал чыгармалар хайп үчүн жаралды жана учурдагы замандын талабы деп билем. Эгер талап болбогондо ошончолук көрүүчү топтоп, элдин көңүлүн бурдура алмак эмес да. Бирок, түбөлүк жашай турган чыгармаларды жаратыш үчүн, сөздүн маанисине, обонуна караш керек. Мисалы, биз илгерки ырларды кайра жаңылап ырдап жүрбөйбүзбү. Биздин ырларды кийин жаңылап ырдашабы же жокпу, кеп ошондо ...