10:41
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Шоу-бизнес өкүлдөрү Андрей Малаховдун кыргыз элинен кечирим сурашын талап кылат

Россиянын «Андрей Малахов, прямой эфир» телеберүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малаховго каршы акцияга шоу-бизнес жылдыздары дагы кошулду.

Белгилей кетсек, «Россия 1» каналында көрсөтүлгөн берүүдө миллиардер Аленсандр Маруговдун уулу каза болгон жол кырсыгы талкууланды. Жол кырсыгында мотоцикл менен такси кагышып, мотоциклдин айдоочусу көз жумган. Андрей Малахов анда таксинин кыргызстандык айдоочусун адам өлтүрүүгө күнөөлөгөн. Алып баруучунун пикиринде, 10 доллар айлык акы алып, чатырда үй-бүлөсү менен чогуу күн кечирип жүргөн кыргызстандыктар 100 миң доллар үчүн баарына даяр.

Андрей Малаховдун инстаграм баракчасындагы акыркы үч күндөгү сүрөттөрүнүн астына 14 миңден 25 миңге чейин комментарийлер жазылды. Ага чейин Малахов 2-3 миң гана комментарий топтой алчу. Кыргызстандыктар Андрей Малахов адашканын, аны улутчул, шовинист атап, кечирим суроо талабын жазып калтырышууда.

Малаховго каршы акция шоу-бизнес жылдары дагы кошулушту. Тамада Санжар Мыкыев, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен, ТИМден жана эл аралык деңгээлдеги юристтерден көмөк сурайт.

«Айтылган сøз, атылган ок дегендей бул @malakhov007 катуу сүйлөп салыптыр!.Биртуугандар келгиле биригели. Юристтер, элчилик менен иштешкендер жардам бергиле, кеңеш күтөбүз», — дейт ал.

«Тамашоу» клубунун жетекчиси Эрмек Нурбаев мындай берүүнү эфирге чыгарган телеканалдын жетекчилиги дагы жооптуу экенин белгилейт.

«Андрей Малахов сен менин көз алдымда өтө ылдый түштүң. Эч ким кырсыктан корголгон эмес. Айдоочунун айыбы болсо, жазасын алат. Бүт өлкөгө көө жаап, кемсинтүүгө акың жок. Мындай берүүнү эфирге чыгаргандар, сени колдоп олтурган аудитория дагы улутчулсуңар», — дейт Эрмек Нурбаев.

Ырчы Урмат Үсөнөв «Малахов сен али менин өлкөмдү көп жолу жакшы жагынан көрөсүң», — деп эскерткен.

Андрей Малаховго каршы акцияны ырчылар Анжелика Кайратова, Асель Кадырбекова, Нурмат Садыров, Данияр Исмадияров, Самат Доолотбаков, Неля Нуркулова жана башкалар колдошууда.

Ал арада Россиянын Кыргызстандагы элчилиги социалдык тармактагы баракчасына окуя боюнча кыска билдирүү калтырды. 
Андрей Малахов азырынча бир да комментарийге жооп бере элек. 

Эң көп окулган жаңылыктар
19-март, шейшемби
18-март, дүйшөмбү