22:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Былтыр мигранттардын балдарына каршы 425 кылмыш жасалган

Өткөн жылы эмгек мигранттарынын балдарына байланыштуу кылмыштар көбөйгөн. Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште Акыйкатчынын 2018-жылы Кыргызстанда адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө баяндамасы угулуп жатканда белгилүү болду.

Мигранттардын балдарына каршы 425 кылмыш жасалган, алардын балдары тарабынан жасалган 644 кылмыш иши катталган. 

Маалыматка ылайык, акыйкатчынын борбордук аппараты менен анын аймактык бөлүмдөрүнө балдарга карата жасалган кылмыш фактылары боюнча 11 арыз келип түшкөн. Алар боюнча тийиштүү чаралар көрүлгөн.

«Ушу тапта Кыргызстандын аймагынан тышкары 719 миӊ жаран жүрөт. Өлкө аймагында эмгек мигранттарынын 87 миӊ 454 балдары бар. Биз алар менен чет өлкөлөрдүн аймагында да иш жүргүзүп жатабыз», - деди акыйкатчы Токон Мамытов.

Эң көп окулган жаңылыктар