04:27
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Быйыл 56 компания банкрот деп таанылды

Быйыл 56 компания банкрот деп таанылды. Бул тууралуу депутаттарга экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Айтымында, банкрот -уюмдар реестринде жалпы 346 компания катталган. Бирок, анын 300үнүн даректери, мүлкү да жок. Калгандарынын активдери бар. Алар менен насыя берүүчүлөрдүн алдында карыздарын төлөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

«Бүгүнкү күндө ликвидаторлор лицензиясын 120 киши алган, бирок алардын 70и гана реалдуу түрдө иштеп жатат», -деди Санжар Муканбетов.

Эң көп окулган жаңылыктар