13:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан менен Словакия кош салык салууну жоюу боюнча макулдашууга кол коюшту

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Экономика министрлигинин басма сөз кызматы

Кыргызстан менен Словакия киреше салыгына карата кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуу жана ага жол бербөө жөнүндө макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Макулдашууга министр Данияр Амангелдиев жана Словакиянын Казакстан менен Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Роберт Кирнаг кол коюшту.

Кош салык салуудан качуу келишимдери республиканын экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун каражаты катары каралат. Макулдашуунун негизги максаттары бир мамлекеттин резидентин башка келишим түзүүчү мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык төлөөдөн качууну же макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо жана макулдашуунун компетенттүү органдарынын келишим түзгөн мамлекеттер ортосунда өз ара маалымат алмашуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстан 36 мамлекет менен кош салык салуу боюнча макулдашууларды түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар