00:04
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кара-Балта жана Токмоктун өнөр жайын өнүктүрүүгө 1 миллиард сомдон берилет

Быйыл Кара-Балта менен Токмок шаарынын өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө 1 миллиард сомдон берилет. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова бүгүн брифингде билдирди.

Анын айтымында, азыр эки шаарда тең потенциалдуу долбоорлорду түзүүнүн үстүндө иштеп жатышат, алар 2024-жылы ишке ашырылышы мүмкүн. Долбоорлорду ишке киргизүүгө каржылык колдоо бар.

«Алар үстүбүздөгү жылы ишке киргизиле турган жүз өнөр жай долбоорлорунун катарына кирди», — деп белгиледи Айнура Усенбекова.

Өткөн жылы Каракол шаарына 1 миллиард сом берилген. Экономика жана коммерция министринин орун басары бул өз натыйжасын бергенин белгиледи. Шаарда он өнөр жай долбоору иштеп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар