09:27
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Эртең Манасчыларды эскерүү кечеси уюштурулат

Эртең Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын жыйындар залында саат 14:00дө манасчыларды эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Кечеде Балык Кумар уулу, Жаңыбай Кожек уулу, Молдобасан Мусулманкулов, Саякбай Каралаев жана Уркаш Мамбеталиев сыяктуу залкар манасчылар эскерилип, бул тармактагы актуалдуу маселелер көтөрүлөт.

Эске салсак, аталган эскерүү Балык Кумар уулунун 220, Жаңыбай Кожек уулунун 150, Молдобасан Мусулманкуловдун 135, Саякбай Каралаевдин 125, Уркаш Мамбеталиевдин 85 жылдыгына арналат.

Эң көп окулган жаңылыктар