03:15
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Белгилүү манасчы, акын Сапарбек Касмамбетов дүйнө салды

Белгилүү манасчы, акын Сапарбек Касмамбетов дүйнө салды.

Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы 30-майда Нарын облусунда төрөлгөн. Ал узакка созулган оорудан улам кечээ, 86 жаш курагында каза болду.

Ал 9 жаштан баштап Манас баатырдын эрдиктерин айта баштаган. Анын устаты Шапак Ырысмендеев болгон.

Сапарбек Касмамбетов «Бала кыялы», «Эр Кошой», «Бала Манас баяны», «Балыкчы баяны», «Билерик» китептеринин автору. Ал Кыргызстандын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, «Даңк» медалынын ээси.

Эң көп окулган жаңылыктар