08:02
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкекте манасчы Сапарбек Касмамбетовдун 85 жылдыгы белгиленет

Бишкекте 12-апрелде көрүнүктүү манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетовдун 85 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция болот. Бул боюнча уюштуруучулар билдиришти.

Конференция Улуттук китепканада өтөт.

Сапарбек Касмамбетов «Манас» эпосун оозеки жана жазма тилде тең аткара билген манасчылардын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири катары таанымал. Ошондой эле анын кыргыздын көөнөргүс көркөм-рухий мурасын улуттук жана эл аралык деңгээлде даңазалап таанытууга кошкон орчундуу салымы бар.

Эң көп окулган жаңылыктар