01:24
USD 69.74
EUR 79.24
RUB 1.05

Манасчы: Эпостун саясый, коомдук жана тарбиялык мааниси чоң

Кыргыздын уникалдуу оозеки чыгармасын кылымдан кылымга алып өтүп келе жаткан бизде саны 30дан ашпаган 10-80 жаш курагындагы саналуу манасчы бар. Манас айтуу — сыйкырдуу, түйшүктүү жана ар бир эле адамга бериле бербеген тарыхый жана кыргызга гана тиешелүү өнөр экени маалым.

24.kg агенттиги Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, Маданияттын мыкты кызматкери, Эмгек сиңирген артист Рыспай Исаков менен бирге манасчылардын бүгүнкү жашоосу, киреше булагы жана келечеги тууралуу кеп курду.

— Жакында үйлүү болду деп уктук, конушуңуз кут болсун! Бул кабар социалдык тармакта кызуу талкуу жаратты. Сын-пикирлерди кандай кабыл алдыңыз?

— Ооба, үй «Саякбай Манасчы» эл аралык фонду тарабынан берилди. 2015-жылы «Саякбай» тасмасы тартылып атканда киного салым кошкон, манасты жайылтууда эмгек кылган үч манасчыга ( Рыспай Исаковго, Дөөлөт Сыдыковго жана Улан Исмаиловго — 24.kg) үч бөлмөлүү үй убада кылынган. Алгачкысы мага буюруптур. Буга чейин деле манасчыларга батир убадаланганы менен ар кандай себептер менен ишке ашпай келген.

Манасчыларды илгертеден эле журт башчылары камкордукка алып келишкен. Сагымбайдын 400 жылкы айдап келгенин узун сабак кеп кылып айтып жүрөбүз. Тыныбек манасчыны Өзбек бий «кудайдан мурун байытам» дегени бар. Тыныбек манасчынын Тыныбек, Балык манасчынын Балык болушуна Ажыбек датка себепкер болгон.

Манасчынын жүгүн журт башчылары көтөргөну - бул салттуу көрүнүш.

Союз учурунда манасчы Уркаш атабызга (Мамбеталиев — 24.kg) үй берилиптир. Кийин эгемендүүлүктү алгандан соң 1995-жылы «Манастын 1000» жылдыгында Назаркул агабызга мамлекет биринчи жолу үй берген. Ал эми жеке демөөрчү тарабынан үй алгандардын алгачкысы мен болдум. Буга чейин жеке ишкерлер тарабынан 7 манасчыга унаа берилген.

Албетте, беш кол тең эмес, социалдык тармакта олку-солку пикирлер айтылды. Ошол терс пикирлерди айткандардын баары өз жүзүн жамынып алган фейктер болду. Бирок, жалпы жумурай журт өздөрү үйлүү болгондой терең кубануу менен кабыл алды. Буга чейин батир которуп жүргөм.

2010-жылдан баштап Эмир Сарпашев деген аганын үйүндө бекер жашап турдум. Ал киши кем-карчымды каржылап турду.

— Манас айтуу сиздин негизги киреше булагыңызбы? Үй-бүлөңүздү кантип багасыз? Мамлекеттен колдоо көрсөтүлөбү?

— «Манас» эпосуна, манасчылыкка байланыштуу кечелерге катышып турам.

Мамлекеттен бизге эч кандай колдоо каралган эмес. Мамлекеттен колдоо болуш керек деп эсептейм. Бирок, чеги менен. Антпесе, өкмөт колдойт экен деп, баарыбыз эле манасчы болуп кетпейбизби. Менимче, бул өнөрдү аркалагандарга дагы кандайдыр бир талаптар коюлуп, ошого жооп бергендер гана мамлекеттик камкордукка алынышы керек. 

Рыспай Исаковдун жеке архивинен алынды
Фото Рыспай Исаковдун жеке архивинен алынды

Атайын туруктуу отуруп иштеген жумушум жок. Ашка-тойго чанда чакыруу болот. Андыктан такай түшүп турган киреше жок.

Эл-журт, улуу дүйнөнү көтөрүп жүргөндүктөн колдоо көрсөтүп, демөөрчүлүк кылган эр-азаматтардын колдоосу менен тиричилик кылабыз.

«Ордо сахна» менен келишим менен иштешем. Алар менен кошо, же чет элдик уюмдар, диаспоралар чакырып калышканда башка өлкөлөргө чыгып келебиз. 
Рыспай Исаковдун жеке архивинен алынды
Фото Рыспай Исаковдун жеке архивинен алынды

— Чет өлкөдө «Манас» эпосунан кабары жок улуттар манасты кандай кабыл алышат?

— Биз деле башка элдин музыкасын түшүнбөй эле угуп атпайбызбы, аларда дагы музыка катары кабыл алгандар бар. Искусствонун тили бир деп коет эмеспи. Айрымдары музыка терапия, медитация ирээтинде манастын кыраатын, ыргагын боюна сиңирип угушат.

— Жакында эле табып Хашим Зайналиевди колдогондордун арасында сиздин ысымыңыз дагы аталып жүрөт.Элдик табыпчылыкка кандай карайсыз? Манас айтып элди аруулап, айыктырса болот дешет. Сизге ушундай максат менен кайрылгандар болобу?

— Менин ысымымдын колдонулуп жүргөнүнөн кабарым жок экен. Хашим Зайналиевди түздөн-түз тааныбайм, атын гана угуп жүрөм.

Элдик табыпчылыкка жакшы эле көз караштамын. Анткени, элдик дарыгерлердин өзүнүн жолу, адистик медицинанын өзүнүн жолу бар. Бири-бири менен карым-катышта иш алып барса жакшы болот.

«Манас келет дегенде байлатма жинди соо болот, ыйлаган бала сооронот», -деп абалтадан айтылган нерсе. Эпостун касиети толугу менен изилдене элек. Медициналык жактан да иликтөөлөрдү талап кылат.

Мага «Манастын касиети, куту орносун, арууланып алалы» деп кайрылгандар болот. Аларга мен үзүндү айтып берем.

— Мындан бир жарым жыл мурун «Манасты» мультфильм кылып тартып, жаш муундарга жеткиребиз дегенсиз, бул ишке аштыбы?

— Бул иштин жүрүшү узак мөөнөттү талап кылат экен, дасыгып тажрыйба топтоо үчүн «Карагул» тасмасы тартылып атат. Аталган тасма ушул жылдын аягында бүтүп калса анан «Манаска» киришебиз.

— «Манас» эмнеси менен ар бир кыргыздын жүрөгүнөн түнөк таба алат. Же ал баатырлар тууралуу чыгарма бойдон эле калабы?

— Манастын 7 осуяты жакшы түзүлгөн, бирок таяна турган жери акыйкат эмес. Тактап айтканда, Манас атабыз антип 7 осуят айтпагандыктан, ойлонуп чыгарылгандыктан, калктын калың катмарына толук сиңип кеткен жок. Бирок, бул осуятты жаман дебейм, абдан жакшы негизделген.

Манасты таануу, таалим алыш үчүн биринчи кезекте манасчылардан угуш керек. Сабакты чечмелеп бере турган башка жолдор, ыкмалар бар ошолорду колдонуу абзел.

Манас баатыр эле болгон эмес, кадр тандоо маселесин жакшы билген мыкты дипломат, жетик саясатчы болгон.

Оппозицияга, позицияга кандай мамиле жасашты билген. Ал «акылы бар эси жок, ар нерсе менен иши жок ойноп жүрө берген» баатыр болгон эмес. Ал ар бир чоросунун кадырын, артыкчылыгын, жөндөмүн билген. Манастан бүгүнкү коомго керектүү бир топ сабак алсак болот.

— Манасчылык өнөр кантип келет? Атадан балага берилеби?

— Манасчылык атадан балага берилбейт. Мындай саналуу учурлар гана кездешет. Мурас кала турган нерсе эмес, же өзү каалап манасчы болуп албайт. Бул бүгүнкү күнгө чейин далилдене элек. Манасчылардын көпчүлүгү аян аркылуу, күтүүсүз жагдайда бул өнөргө туш болгонун айтышат.

Мага баатырлар тууралуу баяндарды айтып берген чоң энем жана «Манас» эпосунан үзүндү жаттаткан мугалимим себепкер болгон десем болот. Кийин Манас ааламынан аян берилди.

— Кандай жерде, жыйында, иш-чарада «Манас» айта албайбыз?

— Манасты чакырган жерде айта беришибиз керек. Үйлөнүү тойго барып калганда ошого жараша эпизоддон үзүндү айтса болот.

Илгери өлүм житимде да Манас айтылган, азыр андай көрүнүш жок.

— Эң узак канча саат «Манас» айткансыз?

— Эң узак манас 11 саат айткам. Архив үчүн тасмага тартылган. Тынымсыз, эс алуусуз, суу жутпай айтканмын. Негизи 7 күн 7 түн Манас айткандар бар. Алар өз муктаждыгын аткарып, ортодо суу ичип танапис кылып айтышат. 

Рыспай Исаковдун жеке архивинен алынды
Фото Рыспай Исаковдун жеке архивинен алынды

— Көпчүлүк манасчы десе салтты карманган, интернетти көп колдонбогон, көп китеп окуган кишини элестетет. Сиз интернеттин активдүү колдонуучусузбу?

— Замандын өнүгүүсүн кошо ала жүрүш керек. Байыркы өнөрдүн өкүлүмүн деп эле, чылк көздү жумуп койгондо, ошол өнөрүңдү даңазалай турган угармандарды жоготуп алышың мүмкүн. Заман канчалык өнүккөн сайын ошол улуулукту үлгүлөргө жуурулуштуруп жүрүп отуруш керек. Социалдык тармактардан маалыматым бар. Колдон келишинче жандуу аралашканга аракет кылабыз.

— Манасчылар арасында атаандаштык барбы?

Негизи атаандаштык болбош керек. Анткени буга себеп жок. Кыргызстанда манасчылардын саны аз, ал эми эпостун баш аягы жок. Бир манасчынын айтканы менен экинчи манасчынын айтканы эки башка. Алар талаша тургандай байге да, негиз да жок.

Рыспай Исаков

Эң көп окулган жаңылыктар