15:11
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Дөөлөт Сыдыков: Улуттук баалуулуктарга күйбөгөн, кыргызга күйбөйт

Дөөлөт Сыдыковдун жеке архивинен
Фото Дөөлөт Сыдыковдун жеке архивинен

Кыргыздын уникалдуу оозеки чыгармасын кылымдан кылымга өчүрбөй айтып келе жаткан 30га жакын манасчы бар.

Маданияттын мыкты кызматкери, белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков 24.kg агенттигине аян аркылуу келген өнөрү, коомдо болуп жаткан ар кандай көрүнүштөргө болгон мамилеси тууралуу маек куруп берди.

— Манасчыларга арналган долбоордун үстүндө иштеп жатыптырсыз, идеясы кимге таандык?

— Учурда 17-18-19-кылымдардагы манасчыларга арналган «Залкар Манасчы» аттуу автордук долбоор боюнча иштеп, сценарийлерин жазуу менен алекмин. Бул иш өткөн кылымдардагы улуу залкар манасчылардын өмүр баянын изилдеп, далилдүү тасма кылып тартып, аны элге жеткирүү максатын көздөйт. Идея өзүмө таандык. Бүгүнкү күндө бир нече тасма тартылды, калганы дагы да уланууда. Далил тасма бир нече түрдө — көркөм видео, анимациялык, графиканын негизинде даярдалууда. Каражат Кристенсен эл аралык уюму тарабынан каржыланып жатат.

- Мамлекеттик деңгээлде манасчылардын сынагы уюштурулуп, көңүл бурулуп жатабы? “Саякбай манасчы” эл аралык фонду 3 манасчыга үй берет деп убадалашты эле, сизге берилдиби?

- Манасчыларга мамлекет тарабынан көңүл бөлүнгөн жок. 2018-жылы  Сагынбай Орозбаков залкар манасчынын 150 жылдыгы өткөрүлүп, республикалык деңгээлде сынак уюштурулган. Ошондо баш байге мага буюрган эле, андан бери мамлекеттик деңгээлде сынак өтө элек.

Ал эми үйдүн сертификатын алган менен үй бериле элек. Сертификат берилгенде баардык жаңылыктардан үй берилди деп кетип калган, ошон үчүн элдер там алды деп ойлошот экен.

Дөөлөт Сыдыковдун жеке архивинен
Фото Дөөлөт Сыдыковдун жеке архивинен

— Спирт ичимдигин «Манас» эпосундагы каармандары менен аталышына күйүп жаздыңыз. Негизи буга чейин эле бул тема көтөрүлүп, арак-шараптарга баатырлардын ысымын берүүгө тыюу салууну талап кылгандар бар. Бирок жыйынтык жок. Бул маселени түп -тамырынан бери кантип чечсе болобу?

— Албетте, жалпы баарыбыз жапа тырмак биргеликте туруп чечсек болот. Болгону «Манас» жөнүндө мыйзамы иштебей жатат. Менин жубайым, КТРКнын мурунку режиссеру Ырыс Окенова «Манас мыйзамы иштебей жатат», «Манас» атындагы арак, коньяктар чыгып жатат" деп айтканы үчүн кысымга кабылып жумуштан кетти.

Бийликке кыргыз элинин касиети колдогон, келечегин ойгон уулдар келип мыйзамды иштеткенде өзгөрөт.

Манаска күйбөгөн кишилер, кыргызга күйбөйт. Элдин эртеңин ойлобогондор, мансабына коргологондор баалуулуктарды коргомок беле.

— Манасчылыктан башка дагы өнөрүңүз барбы?

— Манас атадан мага ушул жол буюргандан кийин — эң негизги ишим Манас айтуу. Тойду «Манас» эпосунан үзүндү менен баштайлы деп атайын ырым кылып чакыргандар да жок эмес. Мамлекеттик иш-чараларга да катышып турам. Илгери манасчылар элди бакчу экен. Бир жерге барып Манас айтса, тогуздап мал айдаткан. Анын баарын өзү албай, жетим-жесирлерге таратып берген.

Мен өзүм Манасты 12 жашымдан баштап айтып келе жатам. Алгачкы аянды Саякбай Каралаев атадан алгам. Ал кишинин касиети ортомчу болуп Манас ата, Бакай, Кошой, Алманбет, Чубак, Сыргап, 40 чоро, Каныкей, Семетей, Күлчоро, Канчоро, Коңурбай жана башка баатырлардан аян алып, анан айтып келе жатам.

— Илгери жаназада «Манастан» үзүндү айтылчу экен. Кийин мындай көрүнүш жокко эсе болуп калган дешет. Маркум режиссер Болот Шамшиев менен коштошуу зыйнатында сиз айттыңыз...

— Туура бул илгертеден калган салт. Илгери өлүк коюу ырымында үч күн, үч түн бою сөөктү жайына койгуча айтчу экен. Бул көрүнүш уланып эле келе жатат.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Саякбай атабыздын «Манасы» менен узатылган. Былтыр Кыргыз Эл артисти Турсун Уралиевдин, быйыл Болот Шамшиевдин жаназасында дагы өздөрүнүн өтүнүчү менен «Манас» жаңырды .

Дөөлөт Сыдыков.

Бул кишилер өзөгү чыныгы кыргыз деп күйгөн, бабаларды сүйгөн, Кудай жактырган, кыдыр даарыган кишилер. Өзүн, өзөгүн, канын, жанын сыйлаган кишилер, бул кишилер өзгөчө жаралган, өлчөөсүз бааланган кишилер деп айтаар элем.

Дөөлөт Сыдыковдун жеке архивинен
Фото Дөөлөт Сыдыковдун жеке архивинен

— Былтыр уран маселеси көтөрүлгөндө, активист жаштардын катарында сиз да өз пикириңизди билдирип, эл менен жүрдүңүз...

— Уран — бул уулуу зат, ушул жерден казылган уран менен бүт дүйнө жүзүнүн убалына калышыбыз мүмкүн. Эртеңки урпактардын келечеги эмне болот? Элдин талабын, мүдөөсүн туура түшүнүп президенттин кол койгону жалпы жеңиш. Урандын зыяндуулугу окубаган кишиге дагы белгилүү. Негизи аткаминерлер менен эл биргеликте иш кылса, эриш-аркак тез өнүгүү жолуна түшөт элек.

-Эң узак канча саат «Манас» айткансыз?

-Сөз кайыптын иши, далили менен радиодо сакталып турган архив боюнча 12 саат тынбай Манас айткам.

Эң көп окулган жаңылыктар