16:53
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Бүгүн Бишкекте жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт

Бүгүн Бишкекте жаш манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Эске салсак, сынак 4-декабрда белгиленүүчү «Манас күнүнө» карата уюштурулуп жатат.

«Таймаш эки багытта өтөт. Ага 10-20 жаш курактагы жана 20-30 жаш аралыгындагы манасчылар катыша алат. Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 4-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот», — деп айтылат маалыматта.

20-30 жаш курагындагы манасчылар арасында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар каралган. 10-20 жаш курагындагы манасчылар арасында үчүнчү орунга чейин алгандарга планшет берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар