13:05
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Жайылда дарыланууга келген жаран бейтапкананын терезесинен секирип каза болду

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунда дарыланууга келген жаран бейтапкананын 4-кабатынын терезесинен секирип каза болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине облустук Саламаттык сактоо координатору Бактыгүл Мамытова билдирди.

Айтымында, 1954-жылы туулган кардар үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна невропатологдун көрсөтмөсү менен саат 8:15те келген. «Медайым тамчылатма дарыны даярдоо үчүн бөлмөдөн чыгып кеткенде, бейтап терезеден боюн таштаган. Бөлмөдө башка эч ким болгон эмес. Камерага түшүп калган окуяны укук коргоо органдары карап чыгышты. Балким бейтап оор депрессияда болгондуктан, өз өмүрүнө кол салууну мурда эле ойлоп жүргөн. Ал эч ойлонбой туруп терезеден боюн таштаган», -деди Бактыгүл Мамытова.

Каза болгон киши Кара-Балтада жалгыз жашачу. Уулу Орусияда турат. Өзү Орусиянын жараны болгонуна карабай аталган шаарда жашап жүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар