02:04
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Ак үйдүн жанында митинг. Аялдар өздөрүн өрттөйбүз деп коркутушууда

Бишкектеги Ак үйдүн жанында Кызыл-Кыштак айылынын 2 тургуну митингге чыгышты. Аялдар айылдык администрациянын башчысы жер участогун бербегендиги үчүн, өздөрүн өрттөйбүз деп коркутушууда. Айтымдарында, өкмөт башчы башкаларга ири суммадагы акчага жер аянттарын сатып жатат.

«Биз өзүбүздү өрттөөгө даярбыз. Сооронбай Жээнбеков кабыл алмайынча Бишкектен кетпейбиз. Айыл өкмөт башчысы Шарабидин Капаров жер аянтын ири суммадагы акчага сатууда, ал эми муктаж болгондорго берүүдөн баш тартып жатат. Учурда айылдыктар 5 үй-бүлө бир үйдө жашап жатат. бул адилетсиздик», -дешет нааразы болгон аялдар. 

Акциянын катышуучуларынын алдына президенттин администрациясынын өкүлдөрү чыгышты. Алар коомдук кабылдамага аялдарды чакырып кетишти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума