21:15
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ак үйдүн жанында маалыматты манипуляциялоого каршы митинг өтүп жатат

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү мыйзамга каршы митинг өтүп жатат.

Белгилей кетсек, депутаттар бүгүн чуулгандуу мыйзам долбоорду экинчи жана үчүнчү окууда карашат.

Митингдин катышуучулары мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү жокко чыгарууну талап кылышууда. Алардын айтымдарында, бул мыйзам сөз эркиндигин четке каккандык болуп эсептелинет.

«Бир дүйнө Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлекан Исмаилованын айтымында, кыргыздардын илгертен келе жаткан «баш кесмек бар, тил кесмек жок» деген макалы бар.

«Журналисттерден жана сөз эркиндигинен колуңду тарт. Биз сөз эркиндиги качан өлгөнүн билебиз. Кыргыз эли ар-намысына шек келтиргендерди чыдап карап отурган эмес. Сөз эркиндиги-жан дүйнөнүн булагы. Буга чейин биз депутаттар жаңылышып калбашы үчүн көптөгөн экспертизаларды жөнөткөнбүз. Тилекке каршы алар кырдаалды курчутууну улантып жатышат», — дейт Төлекан Исмаилова.

Буга чейин «Адилет» укуктук клиникасынын юристтери жана медиаэксперттер бул мыйзам долбоорду кодулоо деп баа беришип, жарандардын укуктарын конституциялык жактан коргоо эмес, тескерисинче мыйзам бузууга үндөйт деп билдиришкен.

Депутат Гүлшат Асылбаеваны бул чуулгандуу демилгени алып салууга чакырышты. Бирок ал бул демилге эң мыкты мыйзам долбоор деп жооп берди.

Эң көп окулган жаңылыктар