17:39
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Беларуста 1000ге чукул киши кармалды

Минск жана Беларустун башка шаарларында милиция Александр Лукашенконун режимине каршы жана Роман Бондаренкону эскерүү үчүн өткөн нааразылык акциясында 900дөн ашуун кишини кармады. Бул тууралуу «Весна» укук коргоо уюму билдирди.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин катаал мамилесинен жабыр тарткандар да бар.

Кармалгандардын арасында 15тен кем эмес журналист бар. Орусиялык «Время» басылмасынын директору, 76 жаштагы Борис Пастернак да кармалды.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Минск шаарынын Пушкинская метро бекетине жакын чогулган бир нече миңдей кишини таркатуу үчүн көздөн жаш агызчу газ жана башка атайын каражаттарды колдонуп, шаарда жүрүш өткөрүүгө уруксат берген жок.

Бул арада акциянын катышуучулары күч органдарынын токмогунан каза тапкан болушу ыктымал делген Роман Бондаренконун урматына ачылган элдик мемориалдын жанында да топтолушкан.

Көп өтпөй милиция аларды кууп таратып, бир нечесин кармап, мемориалды талкалады.

Эң көп окулган жаңылыктар