14:33
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Ошто Матраимовдун тарапкерлери митинг өткөрүштү

Жекшемби күнү Ошто Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапкерлери митинг өткөрүштү. 

Шаардын борбордук аянтында өткөн акциянын уюштуруучулары өздөрү ага 15 миңдей адам чогулганын, ал эми көз каранды эмес байкоочулар 5 миңдей адам болгонун айтышты. 

Митингге катышкандар арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого Матраимовдор каржылаган «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атынан талапкер катары катышкан Мирлан Бакиров, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Райымкулов, Илхом Маннамов жана Искендер Матраимов болушту.

Эң көп окулган жаңылыктар