19:13
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Бишкектеги митингден кийин 18 милиционер ооруканага кайрылды

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен өткөн митингден митингден кийин 18 милиционер ооруканага кайрылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдирди.

Ички иштер кызматкерлери жеңил жаракат алгандыктан ооруканага жаткырылган жок.

Көкүрөгүнө желим ок тийген кыздан башка жарандар даарыгерлерге кайрылган эмес.

2-мартта Бишкек шаарынын борбордук Ала-Тоо аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровду бошотуу талабы менен уюштурулган митингдин соңунда тараптар кагылышып, милиция митингдин катышуучуларын күч менен таркатып, айрымдарын кармады.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума