01:29
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Митинг. Кубатбек Боронов чыкпаса таң атканча кетпейбиз!

Бишкекте Чүй облусунун тургундары өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.

Митингге чыккан жүзгө жакын адам Сокулук жана Аламүдүн районундагы басып алынган жерлерди мыйзамдаштырууну талап кылышууда. Тактап айтканда, алар мурда айыл чарба багытындагы жерлерге курулган үйлөрдү мыйзамдаштырууну суранышууда.

Акциянын уюштуруучусу Бекназар Айталиевдин айтымында, катышуучулар өкмөт башчы Кубатбек Боронов чыгып, маселени өзү укмайын кетишпейт.

«Эгер премьер-министр бизге чыкпаса же арабыздан кимдир бирөөбүздү кабыл албаса таң атканча ушул жерде турабыз», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар