07:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Пара алуу. Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын бөлүм башчысы унаа алган

Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаардык архитектура башкармалыгынын бөлүм башчысы унааны жең ичинен пара катары алган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Каржы полициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каржы ролициясына Б.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал аталган башкармалыктын бөлүм башчысы жер аянтынын документтерин толтуруп берем деп, «ВАЗ» үлгүсүндөгү унаасын алгандыгын айткан. Бирок, бөлүм башчы коюлган шарттарды аткарган эмес, ошондой эле унааны кайра артка кайтарбаган.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө пара алуу фактысы аныкталды. Унааны атайын жайга киргизишти.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума