USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

Пара талап кылуу. Бишкек мэринин орун басары кармалды

12:19, 30 июня 2025, Бишкек - 24.kg

Пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурда алынган 35 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарынын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Бишкек шаарынын вице-мэри Б.Т.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Көрсөтүлгөн акча каражаттары Бишкек шаарынын ЖЭБин реконструкциялоо боюнча инвестициялык долбоордун алкагында чет элдик компаниянын кызыкчылыгын көздөө үчүн Б.Т.А. тарабынан талап кылынганы аныкталган. Бирок, Б.Т.А. акча каражаттарын алгандан кийин ар кандай себептерге таянып, долбоордун алкагында мурда жетишилген макулдашууларды аткаруудан качкан.

Учурда башка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча иштер жүрүп жатат.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18