06:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Таласта жер титиреди

Кечээ саат 20:45те Талас облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жер титирөө Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында, Кара-Буура районунун Бакыян, Бейшеке айылдарында 3,5 балл, Бакай-Ата районунун Миң-Булак, Бакай-Ата айылдарында 3 балл, Талас шаарында жана Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар