23:01
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Бишкекте акча уурдоого шектүү делген 28 жаштагы кыз кармалды

Бишкекте акча уурдоого шектүү делген 28 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу ШИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү «Дордой» базарында жүргөн жарандын сумкасынан 358 миң рубль акчасын алып, качып кеткен.

«Ушул жылдын 20-июлунда Свердлов РИИБине А.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылып, «Дордой» базарынан 358 миң рубль акчасын уурдатып жибергенин айткан. Окуяга шектүү катары 1991-жылы туулган кыз киши кармалды. Ал ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар