USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Бишкек шаардык соту Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

14:38, 04 сентября 2019, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаардык соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты. Отурумдун жүрүшүндө жактоочулар тергөөчүлөрдүн аракетин мыйзамсыз деп табууну суранышкан. Соттук коллегия өтүнүчтү канааттандырган жок.

Жактоочу Сергей Слесаревдун айтымында, мурунку президентти 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечими өзгөргөн жок. 

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика