19:34
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Акыйкатчы 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясы боюнча кармалгандарды зыярат кылат

Акыйкатчы Токон Мамытов 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясы боюнча кармалгандарды зыярат кылат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоочу билдирди.

Айтымында, ал Алмазбек Атамбаевди дагы зыярат кылат.

«Биз кимдин укугу тебеленген болсо, алардын баарын зыярат кылабыз. Алмазбек Атамбаев деп бир гана аны бөлүп айта албайм, анткени ал дагы башкалар сыяктуу эле жаран», -деди акыйкатчы.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды.

Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар