19:17
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Атамбаевдин иши. 20 даана кыймылсыз мүлк камактан бошотулду

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш ишин иликтөө уланууда. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Атамбаевдин жана анын жакын туугандарынын 135 даана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү камакка алынды. 

Маалыматка таянсак, камакка алынган мүлктүн тизмесин текшерүү үчүн, тизмени Башкы прокуратурага жиберишкен. Документтерди текшерүүдөн кийин 20 даана кыймылсыз мүлк белгиленген тартипте (Жал-23 кичи районундагы № 77 көп кабаттуу турак үй, аталган үйдөгү 18 батир) камактан бошотулду.

Башкы прокуратура тиешелүү тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө жана УКМК менен ИИМдин бөлүмчөлөрүнө керектүү тапшырмалар берилген.

Эң көп окулган жаңылыктар