13:57
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Өмүрбек Бабанов: Мекениме кайтып келүүгө мүмкүндүк бергендерге ыраазымын

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов УКМКга суракка келди. Буга чейин ага карата 2017-жылдын 28-сентябрында Оштогу «Амир-Тимур» кичи районунун тургундары менен жолугушууда айткан факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Ал аталган иш боюнча күбө катары өтүүдө. 

«Мага мекенге кайтып келип, тарапташтарым, үй-бүлөм менен жолугушууга мүмкүндүк бергендерге ыраазымын. Тергөөчүлөр мага сылык мамиле жасашууда», -деди ал. Өмүрбек Бабанов суракка келүүгө даяр экенин айтты.

Эске салсак, кечээ «Республика — Ата Журт» фракциясынын мурунку лидери Өмүрбек Бабанов Финполго суракка чакырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар