10:03
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Өмүрбек Бабановду бошотуу талабы менен адвокаттар жогору турган сотко кайрылды

Өмүрбек Бабановдун кармалышын мыйзамсыз деп таап, Биринчи Май райсотунун эки айга камакка салуу тууралуу сот чечимин жокко чыгаруу аппеляциялык арызы менен адвокаттар Бишкектин шаардык сотуна кайрылды.

«Жогору турган сотто Бабановдун камалышы мыйзамсыз экенин далилдейбиз. Акыйкат жана таза болсо ар бир сот Өмүрбек Бабановду боштондукка чыгарышы керек», — дешет жактоочулар.

Өмүрбек Бабановдун адвокаты Амантур Абдырахмановдун колу коюлган доо арыз мыйзамга ылайык Бишкек шаардык сотунда 7-июнда катталды. Жактоочунун айтымында, доо арызда Бабановду кармоодо мыйзам бузуу фактылары, 2021-жылдын 2-июнунда өткөн сот отурумунда баш коргоо чарасын аныктоо жана аны мыйзамсыз кармоо боюнча баардык фактылар келтирилген.

Адвокат Биринчи Май райсотунун тергөө соту Бабановду эки айга камакка алуу чечимин негизсиз деп таап жокко чыгарууну суранып, прокурордун баш коргоо чарасы боюнча сурамын канааттандырбай, Өмүрбек Бабановду камакка алууну мыйзамсыз деп табууну суранууда. Адвокат Бабановду бошотуп, баш коргоо чарасы катары эч жакка кетпөө катына кол койдурууну өтүнүүдө.

Белгилүү болгондой, 31-майда УКМК Өмүрбек Бабановду күбө катары суракка чакырган. Эки саатка созулган сурактан кийин ал суракка дагы келүү кагазына кол коюп, УКМКдан кетмек. Бирок суракка катышпаган тергөөчү келип, ага камакка алуу протоколун тапшырган. Бабанов жана анын адвокатына эмнеден шек саналып жатканын түшүндүрбөгөндүктөн, Бабанов ошонун баарын протоколго ачык жазган: «Шек саноонун маңызы мага түшүнүксүз. Кандайдыр бир кылмыш жасалган деген күнөөнү толугу менен мойнума албайм».

Алгач баш коргоо чарасы боюнча сот отурумун 1-июнга түнкүсүн дайындашкан, анан отурум күнүн кийинкиге жылдырышты. 2-июнда Биринчи Май сотундагы отурум сегиз саатка созулуп, жабык өттү. Прокурор ошентип сураныптыр. Бабанов да, анын жактоочулары да отурумду ачык, ЖМК жана туугандардын катышуусу менен өтсүн деген арызына карабастан, сот прокурордун өтүнүчүн колдоп берди.

Мындан тышкары, Бабановдун адвокаттарына күнөөлөөчү документтерди мыйзам талап кылгандай, отурумга чейин үч саат калганда беришкен жок, жактоочулар материалдар менен отурумга жарым саат калганда таанышты. Ошентип, соттун башынан эле мыйзам бузуулар катталды.

Судья Чыңгыз Бердимуратов Өмүрбек Бабановдун кармалышын мыйзамдуу деп тапкандан кийин, жактоочулар судьянын калыстыгына шек санай баштады. Камоо үчүн мыйзамдуу негиздерди келтире албаган тергөөчүлөрдүн каталарын судья байкаган жок. Суракка келүү кагазына кол койгон Бабанов эмнеге кармалды деген суроого тергөөчү жооп бере алган жок. Судьянын кызыкдарлыгы баш коргоо чарасын акыйкат караштырууга мүмкүнчүлүк бербейт деген доо менен, адвокаттар судьяга ишенбестик билдиришти. Бирок алардын өтүнүчү канааттандырылган жок, ошондон кийин Бердимуратов баш коргоо чарасы катары эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Эң көп окулган жаңылыктар